• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Парламент финансы министрлигине Жээнбаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитет Премьер-министр тарабынан финансы министри кызмат ордуна дайындоого сунушталган Жээнбаева Бактыгүл Жаныбековнанын талапкерлиги каралды. Ал ушул жылдын 6-декабрында өз каалоосу менен отставкага кеткен каржы министри Адылбек Касымалиевдин ордуна көрсөтүлүүдө.

Талапкерди депутаттарга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тааныштырды. Анын айтымында, көрсөтүлүп жаткан талапкер узак мезгил аралыгында өзүн мамлекеттик каржы саясаты жаатындагы чыныгы кесипкөй жана тажрыйбасы мол кызматкер катары көрсөтө алды. «Бактыгүд Жээнбаева азыркыдай жооптуу мезгилде өтө жоопкерчиликтүү, парламент менен тыгыз иш алпара турган органдардын бири болуп саналган Каржы министрлигин жетектеп кете аларына толук ишенем», - деди ал.

Андан тышкары, өкмөт башы Каржы министрлиги топтолгон акчаны бөлүр коюп отура берген бухгалтердин ролун аткарып калбай, өлкөнүн каржы саясатына толук аралашып, бюджеттин кирше бөлүгүн да көзөмөлгө алышы керектигин, жаӊы каржы министрине да дал ушундай милдет жүктөлө турганын баса белгиледи.

Депутаттар мамлекеттик каражатты бөлө турган Каржы министрлигинде тамырлап калган коррупциялык көмүскө схемалар орун алганын, өзгөчө сатып алуулар жаатындагы жагдай жакшы эмес. Алардын пикиринде, паракордук жосундар жоюлмайынча министрликтин иши оӊолбойт. Премьер-министр да каржы министрине өз орун басарларын өзү тандап алуусуна мүмкүнчүлүк бериши керек.

Талапкер Бактыгүл Жээнбаева жаӊы кызмат ордуна дайындалып калса, министрликтеги коррупциялык көмүскө схемаларды жоюу боюнча иштиктүү аракеттерди жасоого, мамлекеттик каражаттын сарамжалдуу, өз багытында жана натыйжалуу пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүүгө, бюджет тартыштыгын азайтууга, министрликке карата калктын ишенимин бекемдөөгө убада берди.

Добуш берүү жыйынтыгында депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосу менен финансы министри кызмат ордуна дайындоого Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Бактыгүл Жээнбаеванын эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы Бишкек шаарында туулган. Эки жогорку билими бар. Экономика илимдеринин кандидаты. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал Улуттук банк, «Айыл Банк», Мамлекеттик ипотека компаниясы, «Кыргызстан» банкы сындуу ири каржы мекемелерин жетектеген, Дүйнөлүк банк өӊдүү бир катар эл аралык каржы уюмдарында кеӊешчи болгон. Ушу тапта КР Президентинин кеӊешчиси болуп иштейт.

Пикир

Оставить комментарий