• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламент Кемпир-Абадды кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруусун колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кемпир-Абадды кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруусун колдоду.

Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын кыргыз-өзбек тарап биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырылды.

Үчүнчү окууда эл өкүлдөрүнүн 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.

Мыйзам долбоору боюнча, Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жер Өзбекстандын карамагында калат. Аны менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргызстандын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо эрежелери камтылган.

Пикир

Оставить комментарий