• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламент өкмөттүн 2019-жылдагы иши тууралуу маалыматты угуп жатат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угууда.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү социалдык-экономикалы көрсөткүчтөргө токтолуп, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөшүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу багытында жасалган иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдар, ратификацияланган эл аралык макулдашуулар жөнүндө да кеп салды. Алсак, 2019-жылы эл аралык макулдашуулардын негизинде Кыргызстанга 550 млн. АКШ доллары келип түшкөн. Анын 260 млн. АКШ доллары гранттык каражаттар. Премьер-министрдин айтымында эл аралык рейтингдеги Кыргызстандын көрсөткүчү жакшы жакка өзгөрүп, спортчуларыбыз бир катар эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан.

Ал эми экономикалык алкактан алганда 2019-жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 4,5%га өскөн. “Тышкы инвестициянын көлөмү 876 млн. АКШ долларын түзүп, өсүш 2,9%ды түздү. Анын ичинен Кыргызстанга Кытайдан, Канададан, Улуу Британиядан, Түркиядан, Россиядан, Казакстандан инвестиция тартылган. Алардын көпчүлүгү тоо-кен өнөр-жайына, унаа жолдорун курууга, айыл чарбасына багытталган. Экспорт менен импортто да оң баланс сакталды. Экспорттун көлөмүнүн өсүшү 7% болуп, Кытайга, Иранга, Казакстан менен Россияга азык-түлүктөрдү жөнөтө баштадык” – деди өкмөт башчысы.

Ошондой эле 2019-жылы 77 миң жумушчу оруну түзүлүп, анын 14 миңи туруктуу иш оруну экенин айткан Мухаммедкалый Абылгазиев, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде 29 долбоор ишке ашырылып, 341 ишкана түзүлгөнүн кошумчалады. Мындан сырткары, айыл чарбасын колдоо багытында дыйкандарга жеңилдетилген насыялар менен айыл чарба техникалары лизингге берилгени айтылды. Ал эми өткөн жылы 800 км жол оңдолуп, анын 423 километрине асфальт төшөлгөн.

Жыйын суроо-жооп иретинде уланууда.

Пикир

Оставить комментарий