• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Парламент Конституциялык палатанын судьялыгына үч адамдын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети КР Президенти тарабынан Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына сунушталган Мукамбет Касымалиевдин, Мээргүл Борбукееванын, Латип Жумабаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы кабарлайт.

Белгилей кетсек, «Жогорку соттун судьясынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына сунушталган талапкер Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланып, парламентте ант берген соӊ, өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Пикир

Оставить комментарий