• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламент кыргыз-казак чек арасы боюнча өкмөттүн маалыматын угат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Парламент кыргыз-казак чек арасы боюнча өкмөттүн маалыматын угат. Бул тууралуу бүгүн ЖКнын жыйынында маалым болду.

Депутат Улан Примов чек арадагы кырдаал боюнча өкмөттүн маалыматын угууну сунуштады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча парламент аталган сунушту күн тартибине киргизди.

Төрага Дастан Жумабеков билдиргендей, түштөн кийин парламентке премьер-министр жана тиешелүү органдардын жетекчилери чакырылат.

Пикир

Оставить комментарий