• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Парламент маданият министрлигине Султан Жумагуловдун талапкерлигин бир добуштан колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Парламент маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Султан Жумагуловдун талакерлигин бир добуштан колдоду.

Жыйынга 88 депутат катышкан. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар Жумагуловго бир добуштан колдоо көрсөтүштү.

Өз кезегинде Жумагулов эл өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирип, ага болгон ишенимди актоого бардык аракетин жумшай турганын белгиледи.

“Мен кайда бара жатканымды жана эмне күтүп турганын түшүнүп турам. Мага ишенип берилген тармакты өнүктүрүүгө бардык аракетимди жумшайм. Башка жолум жок”, - деди ал.

Султан Жумагулов буга чейин Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директорунун кызматын ээлеп келген. 2015-жылдын февралында анын айланасындагы чуулганга байланыштуу КТРКнын башкы директору кызматынан кетүү арызын жазган.

Акыркы убакта КР президентинин аппаратында иштеп келген.

Пикир

Оставить комментарий