• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Парламент малды идентификациялоону кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоорун карады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүлөөрү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Мыйзам долбоорун комитет жыйынына КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калыс Жумаканов алып чыкты.

Маалыматка ылайык, колдонуудагы мыйзамда белгиленген шарттар жаныбарларды идентификациялоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат. Бирок бул укуктук актынын ченемдери коммерциялык максаттагы айыл чарба жаныбарларын идентификациялоого багытталган.

Тагыраак айтканда, эркин жүргөн жана короо кармалган малды идентификациялоо механизмдери көрсөтүлбөй калган. Ошого байланыштуу мыйзам долбоору менен малды идентификациялоо конкреттештирилип, кеӊейтилүүдө.

Мындан сырткары, мыйзам долбоорунда расмий идентификациялоо жана каттоо системасы түзүлбөгөн өлкөлөрдөн импорттолуп келинген, ошондой эле үй шартында, зоологиялык парктарда, цирктерде, кармоо үчүн эксперименттик жаныбарлар катары, коммерциялык максаттарда пайдаланууга алынып келинген, идентификацияланбаган жаныбарлар боюнча жобо каралууда.

Талкуу жүрүшүндө малдын башын идентификациялоо боюнча бүгүнкү күндөгү акыбал тууралуу дагы сөз болду. Азыркы тапта 91 айыл өкмөтү интернет менен толук кандуу камсыздалбагандыктан, идентифкаицялоо боюнча тиешелүү программа кечигүү менен иштеп жаткандыгы айтылды. Ошол эле маалда депутат Улукбек Ормонов малдын башын идентификациялоо маселесинде так эсеп жоктугун, ага жараша жоопкерчилик дагы болбой жаткандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий