• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламент министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Төрөбаевдин талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин 30-марттагы жалпы жыйынында депутаттар министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Жыйында талапкер тууралуу президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жыйындагы жалпы 68 депутаттын баары макулдугун берди.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук боюнча комитети 29-марттагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырган.

Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий