• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Парламент колдоду: 52 өлкөнүн жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрө алат

Коом 0

Бишкек. 28.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеш 52 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, колдоду.

Документке ылайык, 45 өлкөнүн жарандарына визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн узартылып, дагы 7 өлкөнүн (Аргентина, Чили, Бразилия, Сан-Марино, Андорра, Черногория жана Оман) жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берилет.

Эске салсак, буга чейин 45 өлкөнүн жарандарына визасыз катташуу келишими кабыл алынган болчу. Бул документтин мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктагандыктан, келишимдерди азыртан узартуу зарылдыгы бар болчу.

Эми парламенттин чечими менен келишимдин мөөнөтү 2025-жылга чейин узартылды.

Мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда, өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошууну сунуштаган. Бирок депутаттар бул тизмеден үч өлкөнү алып салган (Болгария, Румыния, Кипр).

Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин пикиринде, акыркы мезгилде атайын кызматтар терроризм менен экстремизм коркунучтарын мисал тартып, коопсуздук маселесин көтөрүүдө. Албетте, коопсуздукту унутпаш керек, бирок мыйзамдарды либералдаштыруудан да коркпош керек. Мындай катташуулар өлкөнүн экономикасын, анын ичинде туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, деген пикирде.

Пикир

Оставить комментарий