• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Парламент "Жалган маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогон жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.

Аны депутаттар Ж. Акаев, А.Мадумаров, Э.Сатыбалдиев, Г. Кожокулова, Д.Бекешев, С.Атамбаев, Ч.Айдарбековдор демилгелеген.

Мыйзам долбоорунун максаты менен тааныштырган депутат Дастан Бекешев белгилегендей, «Административдик иштин негиздери жана процедуралары жөнүндө» мыйзамда белгиленген мамлекеттик органдардын чечимдерине даттануу арыздарын кароонун жол-жоболорундагы карама-каршылыктарды жоюу пландалып жатканын белгиледи. Башкача айтканда, интернеттеги сайттын же баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун жаңы тартиби орнотулган.

Мындан тышкары, интернет сайттын же баракчанын ээси тарабынан анык эмес (жалган) маалыматты алып салуу жөнүндө арызды кароо мөөнөтүн арыз ээсинин арызы келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ордуна үч күнгө чейин узартуу сунушталат.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам долбоору четке кагылды.

Пикир

Оставить комментарий