• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парламентаризмдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн депутаттар сыйланышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин жыйынында бир катар депутаттарга Ардак грамоталарды тапшырды.

Өлкөдөгү мыйзамдуулук жана парламентаризмдин өнүгүшүнө кошкон салымы жана активдүү коомдук, саясий ишмердүүлүгү үчүн ЖКнын Ардак грамотасы менен Канатбек Исаев ("Кыргызстан" фракциясы), Абдыкапар Султанов ("Өнүгүү Прогресс" фракциясы), Садык Шер-Нияз ("Ата-Мекен" фракциясы) сыйланды.

Төрага алардын ишине ийгилик жана көптөгөн жетишкендиктерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий