• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Парламентте 8-мартта болгон аялдардын жөө жүрүшү тууралуу маселе талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 13.03.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеш 8-мартта Бишкекте митинг уюштургандар жана алардын максаты тууралуу күч органдарынын маалыматын угуу боюнча маселени талкууга алып баштады.

Депутат Жылдыз Мусабекова Бишкекте өткөн марш тууралуу сөз кылып, эл аралык аялдар күнүндө айрым чагымчыл адамдардын айынан кыргыз элинин ар-намысына шек келтирилди, биздин ата-бабаларыбыздын каада-салтына доо кетти деген пикирде.

Мусабекова гейлердин жөө жүрүшүнө укуктук баа берилип, аны уюштурган адамдарга карата катуу чаралар көрүлүүгө тийиш, деп кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, 8-мартта Бишкек шаарындагы «Россия» кинотеатрынын алдында аялдардын укугун коргойбуз деп 200-250 адам чогулган.

Асановдун айтымында, алардын арасында бир катар коомдук ишмерлер менен коомдук уюмдардын өкүлдөрү болгон. Тилекке каршы, аларга башка мүдөөнү көздөгөн адамдар кошулуп кеткен.

Депутаттар мындай чагымчыл окуянын кайталанбашы, кыргыз элинин беделине доо кетпеши үчүн айрым мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий