• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламентте Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу убактылуу депутаттык комиссия түзүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0


Бишкек, 21.11.19. /Кабар/. Түркияда атып өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча кандайдыр бир саясий оюндар башталды. Азыр анын өлүмүн башка жакка буруу, коомчулуктун арасында башкача пикир жаратуу аракеттери жүрүп жатат. Ошондуктан, биз депутаттык комиссия түзүп, анын өлүмүнүн чыныгы себептерин жана ага кимдердин тиешеси бар экенине иликтөө жүрүгүзүп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарышыбыз керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Мындай демилгени депутаттар Жанар Акаев менен Төрөбай Зулпукаров да колдоду. Алардын пикиринде, кытай жараны Айеркен Саймаитинин табышмактуу өлүмү, Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Эркин Сопоковдун эл аралык издөөдө жүргөн адам менен байланышы өлкөнүн абыроюна көлөкө түшүрдү.

Депутат Алтынбек Сулайманов ушу тапта «Бир Бол» парламенттик фракциясынын кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия түзүү жөнүндө чечими даярдалып жатканын айтып, депутаттарды бул чечимди колдоп берүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий