• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Парламентте аскер кызматкерлеринин маянасын 2019-жылдын 1-мартынан баштап жогорулатуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Парламентте 2019-жылга карата республикалык бюджетке аскер кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүүнү киргизүүнү сунушташууда. Бул демилгени Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Кубанычбек Нурматов көтөрүп чыкты.

Анын айтымында аскер кызматкеринин жана анын үй-бүлөсүнүн социалдык абалын жакшыртуу маанилүү, себеби аскердик даярдык ушул нерседен көз каранды.

“Армияны өнүктүрүп, жакшыртуу үчүн аскер кызматкерлеринин көйгөйлөрүн чечип, аларды айлык акы жана үй менен камсыздоо керек. Мен Араван районундагы эки аскердик бөлүктү билем. Ал жакта аскер кызматкерлеринин маянасынан башка эч нерсеси жок. Андыктан 2019-2020-жылга карата бюджетке аскер кызматкерлеринин маянасын 2019-жылдын 1-мартынан баштап жогорулатууну киргизүүнү сунуштайм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий