• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Парламентте депутаттар CASA-1000 долбоорунун тагдырына кызыгышты

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Парламентте депутаттар CASA-1000 долбоорунун тагдырына кызыгышты. Бүгүн депутаттар премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун угушууда.

Премьер-министрден CASA-1000 долбоору эмне болду жана Улуттук энергохолдинг эмне үчүн түзүлгөн жана ал өзүн актап жатабы деп сурашты.

Өкмөт башчысы бул эң жакшы долбоор деп белгиледи. “Биз CASA-1000 боюнча өнөктөштөрүбүзгө электр энергиясын жайында гана бере алабыз. Бул үчүн кубаттуулук жетиштүү",-деп ишендирди С.Жээнбеков.

Ошондой эле, премьер-министр Улуттук энергохолдинг өзүүн актап жатат деди. Анын айтымында, энергетика тармагын башкаруу тутумун реформалоо максатында Өндүрүш, энергетика жана кен байлактарды пайдалануу мамлекеттик комитети, “Улуттук энергохолдонг” ААК түзүлгөн. “2016-жылы эле бул өзүнүн жыйынтыгын бере баштаган. Отчеттук мезгилдин жылытуу сезонунда энергетика тутуму туруктуу иштеди. Энергетика тармагында 13,04 млрд кВт/саат электр энергиясы иштелип чыкты, бул 2015-жылга салыштырмалуу 85 млн го көп. Жоготуу 13,9%га чейин, ал эми дебитордук карыздар 1,7%га кыскарды”,-деди ал.

“Мындан тышкары, Бишкек шаардык ЖЭБди модернизациялоо, Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо, Камбат-Ата ГЭС-2нин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо сыяктуу ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу уланууда”,-деди Өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий