• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Парламентте көчөлөр жана айылдар келечекте кримавториттердин ысымын алып жүрүп калышы мүмкүн деп кооптонушууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Парламентте көчөлөр жана айылдар келечекте кримавториттердин ысымын алып жүрүп калышы мүмкүн деп кооптонушууда. Бул тууралуу бүгүн жыйында депутат Эльвира Сурабалдиева билдирди.

“Көпүрөлөрдү куруп, коомдук иштер менен алектенип келген криминалдык авториттердин ысымы келечекте биздин көчөлөргө же шаарларга коюлуп калышы мүмкүн. Бул маселени кантип жөнгө саласыңар”,-деп сурады депутат.

Баяндамасы депутат Мирлан Бакировдун айтымына караганда, мыйзамга географиялык аталыштар боюнча өзгөртүү киргизүүдө жөн гана иштөө принциби өзгөрүлөт, ал эми кийинки жумушту өкмөт кылат.

Сурабалдиеванын оюу боюнча, көчөлөр жана айылдар ошол айылга эмгеги сиңген, маданият кызматкери же дагы башка коомдук ишкердин ысымын алып жүрсө туура болот.

“Бирок бул жагдайды да карап чыгыш керек. Себеби дегенде айыл жергесинде абдан көп кримавториттер бар, ал айылдын өнүгүшү үчүн чоң салымы кошкондор, бирок учурда алар коомдук ишкерлер болуп калышкан. Эгерде жергиликтүү калк тигил же бул көчөгө анын ысымын коюу сунушу менен келсечи? Бул кырдаалды кайрадан иштеп чыгуу керек”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий