• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламентте кафе-ресторандарды чылым чеккендер үчүн атайын бөлмө ачууга милдеттендирүү сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Кафе-ресторандарды чылым чеккендер үчүн атайын бөлмө коюуга милдеттендирүү керек. Бул тууралуу бүгүн депутат Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, оюн-зоок мекемелеринин администрацияларын чылым чеккендер үчүн атайын кабинет коюуга милдеттендирүү керек. “Элдер кафе-ресторандарга тамактануу, эс алуу үчүн келишет. Ал жерлерде үй-бүлөлөр балдары менен, жаштар жана улгайгандар келип эс алышат, алар чылым чеккендер менен кошо ууланып жатышат. Мисалы, чылым чеккендер үчүн атайын бөлмө ачса болот. Аны менен катар ал жакта иштеген тейлөөчү персоналдар дагы пассивдүү чылымчыларга айланбашы үчүн ушундай кылуу туура болот деген ойдомун. Биз жаштарыбызды коомдук жайларда чылым чекпөөгө үйрөүтүшүбүз керек”,-деди Д.Бекешов.

Депутат чегүүгө тыюу салуу азырынча татаал болот, бирок атайын бөлмөлөрдү ачуудан башташыбыз керек. “Биз чет өлкөлөрдө ресторандарда чылым чегүүгө уруксат берилбей турганын көрүп эле жүрөбүз. Ал жакта кабыл алынган эрежелердин бары сакталат, эмне үчүн биз аларды сактабайбыз. Мисалы, Россияда, Казакстанда чылым чегүүгө толугу менен тыюу салынган, бирок эми атайын бөлмөлөрдү ачууга өтүшүүдө”,-деди ал.

Ал эми анын кесиптеши бул чараны сынамык долбоор катары киргизүүнү жана алгач Бишкекте ишке ашырууну сунуштады. Эгер бул натыйжа берсе, анда өлкө боюнча жайылтылат.

Эскерте кетсек, депутаттар “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске, “КР жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасирлеринин коргоо тууралуу” мыйзамына) мыйзам долбоорун карап жатышат. Демилгечилер – депутаттар Д.Бекешов, Исаков М.А., Самигуллина А.Э., Мавлянова М.Э., Строкова Е.Г. (Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана ден соолук комиетит).

Пикир

Оставить комментарий