• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Парламентте кайрадан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу маселесин көтөрүп чыгышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 09.11.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Парламентте кайрадан “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу маселесин көтөрүп чыгышты. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов сөз сүйлөдү.

Анын айтымына караганда, акыркы убакта өлкөдө жол кырсыктарынын саны көбөйдү. Жол кырсыгынын саны жана андан каза болгондордун көрсөткүчү коркунучтуу. Мунун себеби бардык проспектилерде жана көчөлөрдө жол белгилеринин жоктугуна байланыштуу. Чоң жолдордо жада калса кандай ылдамдыкта унааны айдоо керектиги белгисиз. Эгерде керек болсо мындай жолдорго кыймылды көзөмөлдөп туруу үчүн патрул кызматкерлерин коюш керек.

“Андан сырткары өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууну тездетүү керек. Биз бул программа боюнча өтө эле артта калдык. Аталган программа бир гана видео көзөмөлдү орнотуу менен гана чектелбейт, жол белгилерин жаңыртуу жана ылдамдыкты азайтуу белгилерин орнотуу керек”,-деди Жамалдинов.

Пикир

Оставить комментарий