• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парламентте кол өнөрчүлөрдүн ишмердүүлүгүнө байланышкан мыйзам долбоору талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар А. Алтыбаева, А. Осмонова, А. Карашев, А. Аскарова, М. Мавлянова, Е. Строкова, Н. Никитенко, К. Орозова, Н. Алимбеков, Н. Каримов, Р. Момбеков тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндөгү" мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын расмий сайтында маалымдалат.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлөрдүн уюмдарынын жана алардын иштеринин укуктук негиздерин белгилөө, кол өнөрчүлүк субъекттери өндүргөн товарларга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарды канааттандыруу, калкты иш менен камсыздандыруу, кол өнөрчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан.

Кол өнөрчүлөр жарманкелерде гана өздөрү жасаган буюм-тайымдарын сатып жатканын мисал кылып, алар үчүн мамлекет тарабынан туруктуу жай таап берүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий