• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламентте КСДП фракциясынын кезексиз жыйыны болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.03.18. /Мирлан Киизбаев – Кабар/. Бүгүн, саат 16:00дө Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын кезексиз жыйыны болот,-деп билдирди “Кабар” агенттигине партиянын саясий кеңешинин өкүлдөрү.

Азырынча жыйында кандай суроо каралат белгисиз. ЖК депутаты Мурадыл Мадеминов билдиргендей, ага чалып жыйын боло тургандыгын айтышкан, бирок кандай суроо көтөрүлө тургандыгын маалымдашкан эмес.

“Чалып саат 16:00дө жыйын боло тургандыгын айтышты. Бирок кандай маселе тууралуу экендигин айтышкан жок”,-деп билдирди Мадеминов.

ЖК депутаты Дастан Бекешов билдиргендей, жыйын болушу мүмкүн, бирок ал ага катыша албайт. “Франциянын жыйыны чогулчуудай болуп турат, бирок мен кайсы маселе карала тургандыгын билбейм”,-деп билдирди Бекешов.

ЖК депутаты, КСДП партиясынын саясий кеңешинин өкүлү Мухтарбек Айнакулов билдиргендей, фракциянын жыйынында кайсы маселе көтөрүлө тургандыгын айтышкан эмес. “Келгиле деди, бирок эмне жөнүндө айтышат билбейм”,-деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, көптөгөн депутаттар 19нан 23-март күндөрү аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугуп жүрүшөт.

Эске сала кетсек, мурда Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынын съезди Бишкекте 31-мартта өтө тургандыгы маалымдалган. Күтүлүп жаткандай, анда партиянын төрагасы кызматына Алмазбек Атамбаевдин талапкерлигин коюу маселеси каралат.

Пикир

Оставить комментарий