• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парламентте өлкө аймагындагы криминалдык кырдаалдын курчушу жөнүндө учкай маалымат угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.11.19. /Кабар/. Жогорку Кеңеш жыйынында бир катар депутаттардын демилгеси боюнча Өкмөттүн жана тийиштүү мамлекеттик органдардын өлкө аймагындагы криминалдык кырдаалдын курчушу, анын ичинде Түркияда эл аралык издөөдө жүргөн бизнесмен Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнүн жана ал кылмышка катышы бар үч адамдын кармалышынын жагдайы жөнүндө маалыматы угулду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тилекке каршы акыркы мезгилде өлкө аймагында бир катар оор кылмыштар катталганын моюнга алып, бирок жалпы абал туруктуу экенин белгиледи.

Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев быйыл өткөн жылга салыштырмалуу кылмыш көбөйгөнүн, алардын баары укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө экенин белгиледи. «Бизнесмен Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өз өнөктөшүн 3,1 млн долларга алдап кеткенине байланыштуу Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган. Ал 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында эки адам тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ыкчам издөө жыйынтыгында үч адам колго түштү. Азыр түрк полициясы ал факты боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий