• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Парламентте мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштар айтылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Күн мурун, 28-февралда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинде “КР мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоорлорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өттү.

Парламенттин сайтында маалымдалгандай, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Талкуу маалында УТРКнын журналисти Сонунбүбү Кадырова жалпыга маалымдоо каражаттарындагы мамлекеттик тил менен катар расмий тилдин колдонулушуна байланышкан маселеге токтолуп: “Орус тилиндеги берүүлөр да улуттук нарк-насилди камтышы керек” – деди.

Ал эми журналист Куттумидин Базаркулов терминдерди которуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты.

Өз кезегинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев баарын эле которуп, аша чаап кетүү туура эместигин айтып, түрдүү тармактардын адистери кирген комиссия терминдер боюнча иш алып барарын жана терминдердин сөздүгү түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Ошондой эле Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова коомдук тамактануучу жайлардагы мамлекеттик тилдин колдонулушуна байланыштуу пикирин билдирип, көрнөк-жарнактардагы жазууларга да көңүл бурууга чакырды.

Андан тышкары, Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм кыргыз тили биримдиктин тили болуу менен бирге ар бир этникалык топтун тилинин өнүгүшүнө өбөлгө түзүшү керектигин айтып, бир катар сунуштары менен бөлүштү.

Журналист Жазгүл Карбозова балдарга жети жашка чейин мамлекеттик тилде гана таалим-тарбия берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындай тажрыйба Жапонияда колдонулуп келе жатканын мисал келтирди.

Компьютердик технологиялар боюнча адис Эмил Асанов ХХI кылым технологиянын заманы экенин айтып, долбоорго компьютердик технологиялар боюнча ченемдерди да киргизүү керектигин демилгеледи.

Жыйынтыгында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева айтылган бардык сунуш маанилүү экенин жүйө келтирип, мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо маалында эске алынарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий