• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламентте министрлик кызмат орундарына сунушталган талапкерлер каралууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында өкмөттөгү бош кызмат орундарына талапкерлер каралууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев КР экономика министри, айыл чарба, тамак-аш өнөржайы жана мелиорация министри, маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы жана КР Өкмөтүнүн аппарат жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министри өз каалоолору менен кызматтарын тапшырышкандыгын маалымдады. М.Абылгазиев жогорудагы министрликтерге Өкмөт тарабынан колдон келген шарттар түзүлгөнүн, бирок алардын иштеринде бир топ жетишсиз жагдайлар орун алгандыгын, коомчулук тарабынан дагы көптөгөн сындар айтылып келе жаткандыгын кошумчалады. “Мындай жооптуу кызматтарга жүрөгү менен берилип иштебесе, коюлган милдетти алып кете албайт. Аталган министрликтердин алдында инвестиция тартуу, өндүрүлгөн товарларды экспорттоо, аймактар менен туризм тармагын өнүктүрүү, санариптештирүүнү жолго коюу, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу сыяктуу бир топ иштер турат”,- дейт КР Премьер-министри.

КР Өкмөт башчысынын маалыматынан соӊ аталган министрлик кызмат орундарына талапкерлер өз иш-пландары боюнча учкай маалымат беришти.

Учурда депутаттар талапкерлерге бара турган жооптуу кызматтарында кандай иш-аракеттерди көрөрү боюнча суроолорун берип, жооп алышууда.

Эске сала кетсек, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - КР министри кызмат ордуна Самат Аскербекович Кылжыевдин, КР экономика министри кызмат ордуна Санжар Турдукожоевич Муканбетовдун, КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызмат ордуна Эркинбек Урайымович Чодуевдин, КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Дастан Давлетович Догоевдин талапкерлиги сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий