• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Парламентте мунапыс боюнча мыйзам долбоору талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 30.01.19 /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында "Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 70 жылдыгы жана 1938-жылдагы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгына карата мунапыс берүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого чакырып, 2-окуудагы талкууга чейин 2019-жылдын 1-январынан баштап жаӊы кодекстер менен мыйзамдар күчүнө киргендигине байланыштуу бул мыйзам долбоорун ал кодекстерге ылайык келтирилерин белгиледи. Ал үчүн тармактык комитеттин чечими менен жумуштчу топ түзүлгөнүн маалымдады.

Депутат Дастан Бекешев Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен, жазадан бошотуу жана жаза мөөнөтүн кыскартуу бөлүгүндө мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим кылмыштын натыйжасында келтирилген материалдык зыян толук төлөнгөндөн кийин кабыл алынаарын тактады.

Депутат Каныбек Иманалиев адам өлтүрбөгөн, зордук-зомбулук кылбаган орто жазалар менен отурган этникалык кыргыздарга да мунапыс берүү жагын караштыруу керек дейт.

Ушул мыйзам долбооруна ылайык, мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен, жазык жоопкерчилигинен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү негизги жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөндөгүлөрдү бошотуу сунушталат:

1) беш жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгон жашы жетпеген адамдар;

2) 60 жаштан улгайган эркектер, ошондой эле 55 жаштан улгайган аялдар;

3) I жана II топтогу майыптар;

4) экиден кем эмес жашы жетпеген балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдары бар, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналган адамдар;

5) анча чоң эмес жана анчейин оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдар.

Мыйзам долбоорунун 3-беренеси менен, ушул мыйзамдын 1-беренесинин колдонулушуна дал келбеген адамдардын жаза өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартылары сунушталат:

1) жатак-абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан соттолгондорго - жарымын;

2) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алгандагы мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - үчтөн бирине;

4) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго - бештен бирине;

6) тарбиялык жатак-абактарында жаза өтөп жаткан, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөттү кошуп алганда эркиндигинен ажыратууга соттолгон жашы жетпегендерге - жарымын.

Ошентип, бүгүнкү күндө мунапыска 4 миӊ 172 адам, алардын ичинде, 1-берене менен 285 (адам жазадан бошотулат) туура келет. Талкууда 2 миӊ 172 адамдын 285и түрмөдөн бошоп, калганы жаза мөөнөтүнөн кыскартылаары белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий