• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Республика калкынын 52% аялдар түзөт, алардын укуктары тыкыр корголушу керек - А.Алтыбаева

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18-май /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар саламаттык сактоо жаатындагы көйгөйлөргө токтолушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы массалык ууланган балдардын ата-энелери Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылышкан. Депутат Сайдулла Нышанов ата-энелер балдардын уулануусуна конкреттүү диагноз коюп берүүнү талап кылып жатышкандыгын, айтып, КР Өкмөтүнүн көңүлүн бурду.

Саламаттыкты сактоо тармагында 3 багытта реформа жасалып, максатына жеткен жок. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Осмонбек Артыкбаев парламенттин тармактык комитетинде маселе каралып, иш жүзүнө аша тургандай кылып программаларды иштеп чыгууну КР Өкмөтүнө тапшырылгандыгын маалымдады.

“Республика калкынын 52% аялдар түзөт, алардын укуктары тыкыр корголушу керек” деген депутат Айнуру Алтыбаева “Өлкөдө аялдардын жана кыздарды абалы” деген темада парламенттик угуу өткөрүү боюнча демилге көтөрдү.

Депутат Жыргалбек Турускулов митингге чыккан бөйрөк оорусу менен жабыркагандар жана алардын жакындары менен жолугушуп келгендигин жана анда коюлган өтүнүчтөр менен талапатарга токтолду. Ал Улуттук госпиталда болгону 12 гемодиализ аппаратынын бешөө иштебей тургандыгын айтып, КР Өкмөтү бөйрөк оорусу менен ооруган жарандардын өтүнүчтөрүн орундатып, гемодиализ аппараттары менен камсыздоо керектигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий