• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламентте спортто допингге каршы күрөшүүгө багытталган мыйзам долбоорунун концепциясы каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеш жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралып, добуш берүүгө жиберилди.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев аталган мыйзам долбоорун жалпы жыйынга алып чыкты.

Мыйзам долбоорунун концепциясы спортто тыюу салынган ыкмаларды жана субстанцияларды колдонууга жол бербөө жолу менен таза атаандаштыкка спортсмендердин негиз салуучу укуктарын коргоо жана дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун милдети Спортто допинг менен күрөшүү жөнүндө эл аралык конвенциянын алкагында алынган милдеттенмелерди аткаруу, дене тарбия жана спорт боюнча ыйгарым укукту органдын Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши тарабынан жактырылган толук планын ишке ашыруу, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү болуп саналат.

Талкууда депутат Элвира Сурабалдиева бул мыйзам долбоору кечигип келип жатканын сынга алып, допингге каршы иш-чараларга кызыкты. Баяндамачы Кыргызстанда Допингге каршы уюм уюштурула тургандыгын, өлкө аймагындагы спорттук иш-чараларда спортчуларды дал ушул уюм көзөмөлдөөрүн айтты. Допингди колдонбоо маселесинде спортчунун өзүндө жана машыктыруучусунда жоопкерчилик болушу керектиги кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий