• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парламентте вице-премьер менен министрдин кызматын айкалыштырууну сунушташууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов вице-премьер менен министрдин кызматын айкалыштырууну сунуштоодо. ЖКнын жыйынында вице-премьер-министр кызматына Санжар Муканбетовдун талапкерлиги каралып жаткан кезде Бекешов, өлкөгө премьер-министрдин төрт орун басары керек эместигин билдирди.

“Башка өлкөлөрдө болгону 2-3дөн вице-премьер бар. Алардын кызматы министрлерге тапшырма берүү. Анын бир жардамчысы жана айдоочусу бар. Ал эч кимди жумуштан ала албайт жана эч кандай чечим кабыл албайт. Анткени андай укуктары жок”,-деп билдирди ал.

Бекешовдун ою боюнча, вице-премьер-министрдин кызматын министрдики менен айкалыштыруу керек.

“Мисалга, экономикалык жаат боюнча вице-премьер экономика министри болот. Мындай кылсак натыйжалуу болот”,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Өз кезегинде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев өкмөттө жумуш көп экендигин билдирди.

“Мен дагы мурда төрт вице-премьер-министр көп деп ойлочумун. Бирок өкмөткө келгенден кийин бул жакта чындыгында эле жумуш көп экендигин түшүндүм. Биз жумушка эртең мененки саат 8-9 келип кечки 10-11де кетебиз”,-деп билдирди Шадиев.

Пикир

Оставить комментарий