• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парламенттеги дагы бир комитет министрлик кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызмат ордуна сунушталып жаткан Каныбек Исаковдун талапкерлигин карап, жактырды.

Талапкердин иш таржымалы менен вице–премьер–министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды.

Эске салсак, күн мурун Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети министрлик кызматка Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырган болчу.

Напомним что накануне Комитет Жогорку Кенеша по социальным вопросам, образованию, науке, культуре и здравоохранению одобрил кандидатуру Исакова на должность министра образования и науки.

Каныбек Исаков 2011 – жылдан бери карай ОшМУнун ректору болуп келет.

Пикир

Оставить комментарий