• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламенттик көпчүлүк коалициясы Башкы прокурорлукка Джамшитовдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. КСДП, “Кыргызстан”, “Бир бол” жана “Республика – Ата-Журт” фракциялары кирген парламенттик көпчүлүк коалициясы 24-апрелде башкы прокурор кызматына Өткүрбек Джамшитовдун талапкерлигин карап, жактырды.

Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралышы керек.

Депутаттар анын талапкерлигин кароонун жүрүшүндө Джамшитовду эң чуулгандуу иштерге, анын ичинде Бишкек ЖЭБдеги аварияга, кызматтык кылмыштар жана коррупция боюнча токтотулган иштерге көңүл бурууга чакырышты.

Дастан Бекешев прокурордун айлык акысы тууралуу айтып, шаардык прокуратуранын алдында кандай унаалар токтоп турганын карасаңар дейт. “Алар 30 миң сом эмес, 30 миллион алып жатышкандай”, - деди эл өкүлү.

Депутат Рыскелди Момбеков кесиптештерин талапкерди эрте эле мактап жана куттуктабай турууга чакырды.

Эскерте кетсек, Өткүрбек Джамшитовдун башкы прокурорлукка талапкерлигин президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Мурдагы башкы прокурор Индира Джолдубаева кызматынан президенттин 2018-жылдын 13-апрелиндеги жарлыгы менен бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий