• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Парламенттик коалиция премьер-министрлик кызматка Бороновдун талапкерлигин кароодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Учурда парламенттик коалиция Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин кароодо.

Коалициялык көпчүлүктүн алдында баяндама жасаган Кубатбек Боронов Өкмөт мүчөлөрүндө ири өзгөрүү болбогондугун белгилеп, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы менен өкмөттүк аппараттын жетекчиси кызмат орундарына “Жогорку технологиялар паркынын” башчысы Алтынбек Исмаиловдун менен Таалайбек Темиралиевдин талапкерлигин сунушталып жатканын маалымдады.

Кубатбек Бороновдун айтымында коронавирус пандемиясы өкмөт койгон иш планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мажбур кылган. Бирок, бул жагдайга карабай өкмөт президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган максатты ишке ашыруу багытындагы алгылыктуу кадамдарды улантарын кошумчалады.

Муну менен катар талапкер илдетке байланыштуу өкмөт өз программасынын кайрадан карап чыгып, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү, бизнести колдоо багытында, инвестиция тартуу жана экономиканы калыбына келтирүү жаатында жигердүү иш алып барарын белгиледи.

Талкуу суроо-жооп иретинде улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий