• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламенттик коалиция премьерлик кызматка Бороновдун талапкерлигин колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Бүгүн парламенттеги коалициялык көпчүлүк өзүнүн отурумунда өкмөт башчы кызматына сунушталып жаткан Кубатбек Бороновдун талапкерлигин жана өкмөттүн жаңы курамын колдоду.

Министрлик кызматтарда өзгөрүүлөр болгон жок. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы жана өкмөттүн аппаратынын башчысы алмашты. Ал кызматтардын биринчисине Алтынбек Исмаилов, ал эми өкмөттүн аппарат башчылыгына Таалайбек Темиралиевдин талапкерлиги сунушталды.

Өкмөттүн жаңы курамы:

Вице-премьер-министрлер:

Асрандиев Эркин Шамшудинович;

Мадумаров Акрам Камбаралиевич;

Исмаилова Аида Жекшенбаевна.

Айдарбеков Чыңгыз – тышкы иштер министри;

Жунушалиев Кашкар – ички иштер министри;

Джаманкулов Марат – юстиция министри;

Жеенбаева Бактыгүл – каржы министри;

Муканбетов Санжар – экономика министри;

Чодуев Эркинбек Урайымович – айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;

Бейшенов Жанат - транспорт жана жолдор министри;

Аскаров Замирбек – өзгөчө кырдаалдар министри;

Исаков Каныбек – билим берүү жана илим министри ;

Абдикаримов Сабиржан – саламаттык сактоо министри ;

Жаманкулов Азамат – маданият, маалымат жана туризм министри;

Кочкоров Улукбек - эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри;

Опумбаев Орозбек – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы;

Тердикбаев Эрлис – Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы ;

Осмонбетов Эмил – Өнөр жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Исмаилов Алмазбек – Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Темиралиев Таалайбек – өкмөттүн аппарат жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий