• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Парламенттик комитет өкмөттүн бир катар конуштарга айыл макамын берүү демилгесин жактырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Өкмөт Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы бир катар конуштарга айыл макамын берүү тууралуу маселени көтөрүп, тийиштүү мыйзам долборунун концепциясын сунуштады.

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бул маселени карап, мыйзам долборунун концепциясын жактырды.

Жалпысынан 31 конушту айыл категориясына киргизүү сунушталууда.

Бул конуштардын жашоочуларынын жалпы жыйындарында ал конуштарга айыл макамын ыйгаруу тууралуу чечимдер кабыл алынган.

Анын негизинде жергиликтүү кеңештер, мамлекеттик администрациялар, өкмөттүн Баткен, Нарын, Ош жана Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аталган калктуу конуштарга айыл макамын ыйгаруу маселеси окмөткө караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар боюнча мекемелер аралык комиссиясынын отурумунда каралган.

Пикир

Оставить комментарий