• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламенттик шайлоо. 45 талапкер жарыштан чыкты - БШК

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 24.09.20./Кабар/. Парламенттик шайлоого катышып жаткан 16 партиянын сегизөөнүн 45 талапкери жарыштан чыкты. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, башында 16 партиядан депутаттыкка 2 миң 32 талапкер катталган.

"Конституциялык мыйзамга ылайык талапкерлердин тизмеси БШКга берилгенден кийин талапкер жарыштан чыккан учурдан башкасында, тизмедеги курам жана катарды өзгөртүүгө болбойт. Талапкер жарыштан чыккандан кийин анын ордун андан кийин турган талапкер ээлейт. Учурда талапкерлердин ичинен 1 миң 375и эркек, 667си аял кишилер. 43 киши мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий