• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Парламенттик шайлоо босогосун 9% чейин жогорулатуу сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 30-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Д.Бекешев, А.Алтыбаева, М.Жеенчороев, У.Кыдыралиев, Д.Жумабеков, Т.Исакунова, М.Бакиров, А.Жунус уулу, А.Акматов, А.Шыкмаматов.

Демилгечилердин маалыматына караганда, турмуш көрсөткөндөй, шайлоо мыйзамдары андан ары өркүндөтүүгө, анын ичинде шайлоо өтүүчү күндөр кайрадан тактоого муктаж. Мисалы, президенттике талапкерлердин күрөөсу 2 млн сомго чейин көтөрүү чарасы сунушталууда.

Андан тышкары, бир катар депутаттардын сунушу менен парламенттик шайлоо босогосун азыркы 7 пайыздан 9 пайызга чейин жогорулатылууда. Ошондой эле, гендердик теӊчиликти сактоо максатында, ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон аял депутаттын ордуна аял депутат, эркек депутаттын ордуна эркек депутат келүүгө тийиш.

Иштеп жаткан мыйзамда кезектеги президенттик шайлоо ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өтөрү белгиленген, анткени Президенттин ыйгарым укуктары ошондо токтоп, Жогорку Кеӊеш шайлоо күнүнө 4 айдан кеч эмес убакыт калганда кезектеги шайлоо күнүн дайындайт. Ошондон улам, мыйзамдын 48-беренесиндеги «ноябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөздү «октябрдын үчүнчү жекшембисинде» деген сөзгө алмаштырылууда. Демек, кезектеги президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында эмес, 15-октябрда өтүүгө тийиш.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору тармактык комитетте талкууланып жатканда, айрым депутаттар шайлоо 15-октябрда өтө турган болсо, Борбордук шайлоо комиссиясы 1-декабрга чейин шайлоо жол-жоболорун жыйынтыктап бүтүшү керектигин белгилеген. Ал эми БШК өкүлү шайлоо өткөндөн кийинки 20 күндө шайлоо жыйынтыгын чыгарууга мүмкүнчүлүк болорун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий