• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламенттик шайлоо: Чет өлкөлөрдөгү участоктордо добуш берүү уланууда

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Бишкек убактысы боюнча саат 20.00гө карата чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо уланууда, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Ал эми төмөнкү 13 участкалык шайлоо комиссиясы өз ишин аяктап, шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда:

1) 9013 Кыргыз Республикасынын Южно-Сахалинск шаарындагы КР РФ элчилигинин кеңсеси

2) 9004 Кыргыз Республикасынын Владивосток шаарындагы КР РФ кеңсесиндеги участок

3) 9021 Хабаровск шаарындагы шайлоо участогу

4) 9006 Кыргыз Республикасынын Якутск шаарындагы КР РФ элчилигинин кеңсесиндеги участок

5) 9019 Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчилигиндеги участок

6) 9042 Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчилигиндеги участок

7) 9007 Кыргыз Республикасынын Иркутск шаарындагы КР РФ элчилигинин кеңсесиндеги участок

8) 9040 Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы элчилиги

9) 9041 Кыргыз Республикасынын Гуанчжоу шаарындагы Башкы консулдугу

10) 9048 Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги

11) 9003 Кыргыз Республикасынын Красноярск шаарындагы КР РФ элчилигинин кеңсеси

12) 9010 Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу

13) 9020 Томск шаарындагы шайлоо участогу

Кыргыз Республикасынын бардык башка чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрү штаттык режимде ишин улантып, участкалык шайлоо комиссияларында шайлоо процесси жалпысынан тиешелүү деңгээлде жүрүп жатат.

"Жабдуулардын техникалык бузулушуна байланыштуу айрым учурлар болгон, алар тез арада жоюлган", - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоону маанилүүлүгүн, ошондой эле өлкө үчүн маанилүү саясий иш чараны эске алуу менен, Министрлик тарабынан жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери тарабынан чет өлкөлөрдө жашаган, шайлоо укугуна ээ болгон мекендештерибиздин арасында шайлоо участокторуна келип, өлкөбүз үчүн маанилүү саясий иш чарага активдүү катышууга чакыруу боюнча ар тараптуу чаралар көрүлдү, ошондой эле кыргыз коомдук дисапораларынын өкүлчүлүктөрү аркылуу.

Мындан сырткары, Кыргызстандын Россия\дагы элчилиги тарабынан жумуш берүүчүлөргө өздөрүнүн жумушчулары - Кыргыз Республикасынын жарандарына шайлоо күнү добуш берүү укугун ишке ашыруусуна көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен расмий кайрылуу жөнөтүлгөн.

Ошондой эле Австриядагы санитардык-карантиндик чектөөлөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчилиги Австриянын Тышкы иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо участокторуна жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлгөн.

"Ошол эле учурда убакыт айырмасын эске алуу менен чет өлкөдө шайлоочулардын санынын өсүшү дагы күтүлүүдө. Саат 20.00гө карата добуш берүүчүлөрдүн саны 6 716 КРнын жаранын түздү", - деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий