• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Парламенттик шайлоо. Добуштардын баары саналып бүтүп, 6 партия босогодон өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Боршайком бирдиктүү шайлоо округу боюнча 100 пайыз добуштар саналып бүткөндүгү билдирди.

Бирдиктүү округ боюнча 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия ат салышты. 3 млн 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 1 млн 293 миң 947 адам өз тандоосун жасаган, башкача айтканда, 34,94 пайызы.

Алты партия 5 пайыздык босогодон өттү:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» - 223 миң 892 добуш же 17,30%;
2. «Ишеним» - 176 миң 382 добуш же 13,63%;
3. «Ынтымак» - 142 миң 267 добуш же10,99%;
4. «Альянс» - 107 миң 859 добуш же 8,34%;
5. «Бүтүн Кыргызстан» - 91 миң 111 добуш же 7,04%;
6. «Ыйман Нуру» - 79 миң 557 добуш же 6,15%.

Ошондой эле 36 депутат бир мандаттуу система менен парламентке келет. Бирок Свердлов жана Биринчи май райондорунда кайра шайлоо өткөрүлөт, себеби эки райондо талапкерлерге каршы добуш эң көп берилген.

Пикир

Оставить комментарий