• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламенттик шайлоо. Кол менен добуштардын 16 пайызы саналды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округдагы добуштардын кол менен 16 пайызы саналып бүттү.

Ага ылайык, жалпы 2 миң 494 шайлоо тилкесинен 404 участкасынын маалыматы келип түштү. Ал 16,20 пайызды түзөт.

Кол менен эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы:
• “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 13,06%;
• “Ынтымак” партиясы — 12,60%;
• “Ишеним” партиясы — 11,33%;
• “Альянс” партиясы — 6,96%;
• “Ынман Нуру” партиясы — 6,24%;
• “Эл үмүтү” партиясы — 5,92%.

Эскерте кетсек, шайлоо тилкелериндеги добуштар колго эсептелип жаткандыктан маалыматтар өзгөрүп турат.

Автоматтык эсептөө үкөктөрү (АСУ) добуштардын 97,59 пайызын эсептеп чыккан. Анда дагы алты партия алдыда, бирок “Эл үмүтү” партиясынын ордуна “Бүтүн Кыргызстан” алдыда.

Бир мандаттуу шайлоо округдарындагы добуштардын айрымдары толук кол менен саналып бүтсө, кээ бири санала элек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышты.

Пикир

Оставить комментарий