• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламенттик шайлоо: Саат 12:00гө карата шайлоочулардын 9 пайызы добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрь, саат 12:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо партияларга 339 миң 785 жаран добуш берди. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымында, ал жалпы шайлоочулардын 9,17 пайызын түзөт. Шайлоочулардын тизмесине жалпы 3 млн 703 миң 420 жаран киргизилген.

Ал эми бир мандаттуу шайлоо округдарында 329 миң 965 шайлоочу (9,12%) добуш берди. Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны 3 млн 619 миң 292ни түзөт.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 1 миң 518 (1,8%) адам өз тандоосун жасады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий