• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Парламенттик шайлоо. Шайлоочулардын дээрлик 37%ы добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 16:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 296 миң 978 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, саат 16:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 36,81%ын түзөт.

"Бишкек 181 миң 90 шайлоочу, Ош шаарында - 81 миң 95, Жалал-Абад облусунда - 250 миң 40, Ысык-Көл облусунда - 95 миң 955, Нарын облусунда - 66 миң 231, Ош облусунда - 252 миң 903, Баткен облусунда - 94 миң 692, Талас облусунда - 57 миң 3, Чүй облусунда 212 миң 686 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий