• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парламенттик шайлоодо баардык талапкерлерге бирдей укуктар берилген - Эл аралык байкоочу

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Шайлоодо Кыргызстандагы саясий партиялардын баардыгына бирдей укуктар берилген. Бул тууралуу брифингде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине байкоо салган КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси, КМШнын аткаруу комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Виктор Гуминский билдирди.

«Биздин миссия өз миссиясын шайлоого бир нече күн калганда аткарат, биздин байкоочулар баардык талапкерлерге бирдей укуктар түзүлгөндүгүн айтышууда. Баардык партиялар ЖМКларга, интернет-басылмаларга жеткиликтүүлүгү үчүн бирдей укукка ээ болушкан, ал эми жарандарга партиялар, талапкерлер жана партиялардын программалары тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул Боршайкомдун ишинин жогорку уюшкандуулугунан кабар берет», - деди Гуминский.

Байкоочу өз сөзүндө билдиргендей, эпидемиологиялык кырдаалды эске алганда шайлоону уюштуруу жогорку деңгээлде жүргүзүлгөн. Үгүт өнөктүгү маалында саясий партиялар үймө-үй кыдырууларды, митинг, жыйындарды жана башка ири иш-чараларды өткөргөн жок. Партия өкүлдөрүнө жеке чыгып сүйлөшү үчүн атайын убакыт берилген.

Күн мурун, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоого 1 млн 980 миң 240 шайлоочу келип, ал жалпы шайлоочулардын 56,2%ын түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 4 партия 7%дык чектен өттү. Алар - «Биримдик» – 24,53%; «Мекеним Кыргызстан» – 23,9%; «Кыргызстан» – 8,74%; «Бүтүн Кыргызстан» – 7,09 %.

Пикир

Оставить комментарий