• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын көбөйүшү күтүлүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. БШКда 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынан сырткары жүргөн же жашаган жарандарынын шайлоо укуктарынын ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча жумушчу топтун жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Нанжан Шайлдабекова, КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев, Чет өлкөдө жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча БШКнын топ башчысы Анар Дубанбаева, КР БШК мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

1. Жыйында Кыргыз Республикасынан тышкары жүргөн же жашаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо боюнча Иш-аракеттердин планы бекитилди. Аталган планды ишке ашыруунун алкагында Чет өлкөдө убактылуу жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө” Жобосу конституциялык Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайыкталды.

Иш-чаралардын планы БШКнын, Тышкы иштер министрлигинин жана ЭКККнын чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү, чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын тизмеси, биометрикалык маалыматтарды жеринде чогултууну уюштуруу, жабдуулар камсыздоо (АЭУ, шайлоочуларды идентификациялоочу жабдуу ж.б.) менен камсыздоо, маалыматтык иштер, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн УШК мүчөлөрү үчүн окутууларды жүргүзүү боюнча уюштуруучулук, маалыматтык жана техникалык чаралардын комплексин камтыйт.

2. Андан соӊ, чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү маселеси каралды. Мыйзамга ылайык, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкалары Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча, тиешелүү өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдары менен макулдашуунун негизинде түзүлөт.

Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн чет өлкөлөрдө шайлоо участкаларын түзүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштары тууралуу маалымат берди.

Буга чейин болуп өткөн КР президентин кезексиз шайлоо жана 2021-жылдын 10-январындагы референдум учурунда дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу түзүлгөн.

КР жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн шарттарды кеңейтүү максатында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого карата алдыдагы парламенттик шайлоодо өлкөдөн тышкары жашагандар үчүн чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларынын санын 57 участокко чейин көбөйтүү сунушталууда.

Ошентип, төмөнкү шаарларда 9 жаңы шайлоо участкаларын түзүү каралып жатат: Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында; АКШ - Нью -Йорк жана Чикаго шаарларында; Түркия - Анталия шаарында; Италия – Кальяри шаарында.

Жумушчу топтун мүчөлөрү чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун көбөйтүү зарылдыгын колдоого алды жана бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштарын айтышты. Ошол эле учурда БШКнын төрайымы Россиянын шайлоо участкаларын уюштуруу маселесинде Россия БШКсынын көмөгү тууралуу Кыргыз Республикасынын БШКда иштелип жаткандыгы жөнүндө маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий