• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын саны 15ке жетти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына 15 партия тарабынан 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүү келди.

БШКдан билдиришкендей, төмөнкү партиялар алдыдагы шайлоого катыша турганын билдирген:

1. “Социал-Демократтар” партиясы;

2. “Улуттар биримдиги” партиясы;

3. “Ишеним” партиясы;

4. “Альянс” партиясы;

5. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”;

6. “Жаратман эл” партиясы;

7. “Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы” (Патриотическая партия единения Кыргызстана);

8. “Ата Мекен” партиясы;

9. “Ыйман нуру” партиясы;

10. “Элдин үмүтү социалдык-саясий партиясы”;

11. “Актив” партиясы;

12. “Элге бийлик” партиясы;

13. “Акыйкат Кыргызстан” партиясы;

14. “Кыргызстандын саясий күчтөрүнүн альянсы”;

15. “Ар-Намыс”.

БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындагандан кийин 5 календарлык күндүн аралыгында шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына катышуу жөнүндө жазуу түрүндө кабарлашы керектигин эскертет.

Саясий партиянын уставынын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелген жазуу жүзүндөгү билдирүүгө саясий партиянын жетекчиси кол коюуга жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Жазуу түрүндө маалымдоо берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18:00гө чейин.

Пикир

Оставить комментарий