• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Парламенттик шайлоого катышууну каалаган партиялардын саны 18ге жетти

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.09.21. /Кабар/. КР Борбордук шайлоо комиссиясына "Ынтымак" саясий партиясынан 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, партия шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Турдубаев Сүйүнбек Баатыровичти, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары – Токтосунова Гулира Базаровнаны дайындады.

Ошентип, КР БШКга жалпы 18 саясий партиядан билдирме түшкөн:

1. "Социал-демократтар";

2. “Улуттар биримдиги”;

3. “Ишеним”;

4. "Альянс";

5.“Кыргызстандын жашылдар партиясы”;

6. “Жаратман Эл”;

7. "Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия";

8. "Ата Мекен";

9. "Ыйман Нуру";

10. "Эл үмүтү социалдык саясий партия";

11. “Актив”;

12. “Бийлик элге”;

13. ”Акыйкат Кыргызстан”;

14. "Ар-Намыс";

15. "Кыргызстандын саясий кучторунун альянсы";

16. "Күч биримдикте" социалдык-саясий партиясы”;

17. "Азаттык” демократиялык партия”;

18. "Ынтымак" саясий партиясы".

Пикир

Оставить комментарий