• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоону өткөрүүгө 722,9 млн сом сарпталат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары тууралуу" мыйзамына ылайык шайлоо комиссияларынын чыгымдары үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнөт.

"Ага ылайык 4-октябрдагы шайлоого Борбордук шайлоо комиссиясына 722,9 млн сом каралып, учурда эч кандай каржылык маселелер жок", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий