• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзам долбоору: Комитеттин отурумуна журналисттер киргизилген жок

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.

Комитеттин отурумуна журналисттер киргизилбей, отурум жабык эшик аркасында өтүүдө.

Депутаттар тобу сунуштаган мыйзам долбоору “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын кээ бир укуктук-ченемдик актыларын токтотуу жөнүндө” деп аталат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери парламенттик шайлоону жаз айларына жылдырууну сунуш кылышууда.

Эскерте кетсек кечээ, 21-октябрь күнү БШК парламенттик шайлоонун күнүн 20-декабрга белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий