• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Парламенттик угууда Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо маселелери боюнча резолюция кабыл алынды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек 12.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети менен Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө”, “КР биосфералык аймактары жөнүндө” мыйзамдардын аткарылышы, ошондой эле “Ысык-Көл” биосфера аймагында суу чыгаруу жана тазалоо курулмалары жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрдү.

Угуунун катышуучулары КР Өкмөтү, бизнес-сектор тарабынан Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын туруктуу өнүктүрүү жана экологиясын коргоо боюнча реалдуу иш-аракеттер болбой жаткандыгын баса белгилешти. Ошону менен катар көлдүн экологиялык тутумун коргоого багытталган радикалдуу чараларды кабыл алуу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардын экологияны булгоо факторлоруна жооптуу чараларды көрүү тартиби жөнгө салынбагандыгы айтылды.

Жыйын жүрүшүндө чыгып сүйлөгөн эксперттер эң биринчи кезекте Ысык-Көл аймагындагы саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды реконструкциялоого каржы бөлүү зарылдыгын көтөрүп чыгышты. Ошондой эле арыктарды, каналдарды, саркындуу сууларды тазалоодо жаңы технологияларды колдонуу маселеси белгиленди. Мындан сырткары 2019-жылды Айлана-чөйрөнү коргоо жылы деп жарыялоо демилгеси дагы көтөрүлдү. Талкуу маалында чыгып сүйлөгөндөр Ысык-Көл Кыргызстандын экологиялык тазалыгынын символу болушу керектигин билдиришти.

Парламенттик угуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен тиешелүү резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий