• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Парламенттин 80 жылдык мааракесине мамлекеттен каражат сарпталбайт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Саматбек Ибраев “Парламент” радиосунун түз эфиринде билдирди. Аппарат жетекчисинин белгилешинче, - 21- декабрда өтүүчү Кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине 2018-жылдын бюджетинен акча каражаты каралган эмес. Аталган иш чара өнөктөштөрдүн жардамы менен өтөт. Мамлекеттин казынасына оорчулук келбейт.

“Маараке илимий – практикалык конференция, расмий иш чаралар менен коштолот. Андан тышкары Кыргыз парламентинин тарыхын чагылдырган китеп жарык көрөт. Анда Жогорку Кеңештин жасаган иштери баяндалат”, - дейт С.Ибраев.

Алдыдагы юбилейлик иш чарага ТүркПА уюмунун өкүлдөрү, бир катар элчиликтерден делегациялар келишет, - деп кошумчалады Жогорку Кенеш Аппаратынын жетекчиси.

Жакында эле биз биринчи жолу Жогорку Кеңештин жыйындар залында “Манас” эпосу күнүн белгиледик. Бул манасчыларга чоң стимул болду, - деген С.Ибраев, - “Быйыл Кыргызстан залкар калемгер Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин белгиледи. Жогорку Кеңеш да четте калбай, бул иш чарага активдүү катышты. Көптөгөн жаштарга депутаттарыбыз жазуучунун 8-10 томдук китептерин белекке тапшырышты. Аппараттын кызматкерлери анын чыгармаларынан көркөм окушту”, - деп кошумчалады.

Учурда Жогорку Кеңештин Аппарат кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууда да бир топ иштер жүрүүдө. Биз оптимизациялоо аркылуу эффективдүү иш алып барууга өбөлгө түзөбүз. Аппараттын иши Жогорку Кеңештин иши менен тыгыз байланыштуу, - дейт Саматбек Ибраев.

Пикир

Оставить комментарий