• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Парламенттин үч фракциясы Өкмөттүн отчетун угууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште «Өнүгүү - Прогресс», «Республика – Ата Журт», «Ата Мекен» фракцияларынын биргелешкен кезексиз жыйыны болуп жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик фракциялардын кошмо жыйынында КР Премьер-министри Сапар Исаков маалымат берди. Анын айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду, ал эми пенсия 6,5 пайызга өсүп, 4501 сомду түздү. «Тышкы соода жүгүртүү 12,5%га өстү. Ал эми экспорттун көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин курамындагы өлкөлөргө 27%га, башка өлкөлөргө 8,6%га көбөйдү», - деп кошумчалады Сапар Исаков.

Андан тышкары, Кыргызстандын дүйнөлүк рейтингде ээлеген орду да жакшырды. Мисалы, мурда өлкөнүн экономикалык эркиндиги боюнча рейтингде 89-орунда болсо, азыр 78-орунга которулган. Калктын мамлекеттик органдарга карата ишеними 65,4 пайызга жеткен.

Суроо-жооп маалында депутат Акылбек Жамангулов “Кыргызалтын”, “РСК банк”, “Манас” эл аралык аэропорту, “Кыргызтемиржолу” ишканасы сыяктуу мамлекеттин үлүшү болгон бир катар акционердик коомдор менен мамлекеттик ишканаларды тизмектеп, алардын демөөрчүлүккө жумшаган миллиондогон каражаттарына токтолду. “Бир мекеме жетекчиси эле мамлекеттик ишкананын миллиондогон каражатын өзү каалагандай калчап, демөөрчүлүккө бир нече жүздөгөн миллиондорду чачып жатат. Ал эми бул мамлекеттин үлүшү болгон ишканалар чыгымдуу деп эсептелинип келет”,- деп нааразылыгын билдирди эл өкүлү. Өкмөт башчы Сапар Исаков азыркы тапта КР Мамлекеттик мүлк фонду мамлекеттик ишканалардын финансылык-экономикалык ишмердүүлүгүнө тыкыр талдоо жүргүзүп жатканын маалымдап, эгерде ашыкча сарп кылынган фактылар болсо ишкана жетекчилери сөзсүз жооп бериши керектигин айтты.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев КР Транспорт жана жолдор министрлигине шилтеме жасап, республика боюнча жолдордун 70% жараксыз абалга келип калгандыгын, ошол эле маалда чет өлкөлөрдөн насыяга алынган каражаттардын 30%ы дал ушул жол куруу тармагына жумшалганын айтып: “Өлкөдө курулган обьектилерди, жолдорду тыкыр карап, мамлекеттик кабыл алуу жок экен да”,- дейт. Өкмөт башчы жол куруу маселеси боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамынын негизинде иш жүргүзүү максаты коюлуп жатканын маалымдады.

Кытайга виза алуу масеелси көптөн бери чечилбей келе жатканын депутат Эмил Токтошев ортого салды. КР Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, айдоочулардын виза алуусу чечилген. Ал эми калган жарандар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бул маселе министрликтин күн тартибинде турат.

Депутат Закир Шарапов чек ара маселесиндеги демаркациялоога каралган каражаттын көлөмүн жогорулатып тезинен аягына чыгаруу зарылдыгын айтып, кечээ жакында болуп өткөн Баткендеги кыргыз-өзбек чек арасындагы чыккан чырды эске салды.

Ал эми депутат Руслан Казакбаев Өкмөт башчыны тажрыйбалуу кадрлар менен билимдүү жаштарды катар алып кетүүнү сунуш кылды. Ошондой эле депутат чек ара маселеси, чет элден инвестиция тартуу маселелери чечилерин айтып, экономикалык дипломатияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды.

Учурда суроо-жооп жүрүмү өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий