• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Парламенттин дагы бир комитети Атамбаевдин кол тийбестигин алуу чечимин колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.06.19. /Кабар/. Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер жана ЖК Регламенти комитети депуттатык комиссиянын экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси боюнча чечимин колдоду.

Комиссиянын төрагасы, депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, Жогорку кеңештин токтому менен комиссиянын чечими Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлөт. Бул токтом эртең, 19-июнда же бүрсүгүнү 20-июнда каралат.

Андан кийин прокуратура бир жуманын ичинде анализ жасап, юридикалык баа бериши керек.

Чечимди депутаттар бүгүн кабыл алышкан. Бул чечим Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Пикир

Оставить комментарий