• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Парламенттин көпчүлүк коалициясы Сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөлөрүн шайлады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо боюнча Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлады. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтында маалымдалат.

Жогорку Кеңештин депутаты, эсептөө комиссиясынын төрагасы Самат Исмановдун айтымында, Кыргыз Республикасынын Сотторду тандоо кеңешине төмөндөгү талапкерлер сунушталган:

- Абдыкадыр Акылбек Токтосунович;

- Аземкулов Барктабас Шаршеналиевич;

- Жунушалиева Индира Акимджановна;

- Дюшеналиев Болоткан Жекшенович;

- Жолдошева Лунара Чаткалбековна;

- Иса Нурбек;

- Салиев Калыгул Абдылдаевич;

- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич;

- Ташпулатов Аскарали Ташпулатович.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон үч талапкер Сотторду тандоо боюнча кеңештин мүчөлүгүнө шайланды. Алар:

- Дюшеналиев Болоткан Жекшенович;

- Жолдошева Лунара Чаткалбековна;

- Сулайманов Жолдошбек Атакеевич.

Кыргыз Республикасынын Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөндөгүлөр шайланды:

- Осмонов Баимбек Абдилакович

- Чокоев Медетбек Шалпыкович.

Пикир

Оставить комментарий